Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:59

АКШ федералдык соту Царнаевди өлүм жазасына өкүм кылды


Жохар Царнаев.
Жохар Царнаев.

Бостондогу сот өкүмүн угузуп жатып, сот Жорж О'Туул Жохар Царнаевди өлүм жазасына өкүм кылуу үчүн далил жетишерлик болгонун билдирди.

АКШда 24-июнда болгон сот жараянында Жохар Царнаев өзүнүн курмандыктарынан кечирим сурады. Ал өзү жанын кыйган "өмүрлөр үчүн, келтирген жоготуулары, кайгы-капалыктары үчүн” кечирим сурады.

21 жаштагы студент буга чейинки сот жараяндарында кечирим суроо жаатында эч үн катпай келген.

2013-жылы 15-апрелде тынч спортчулардын Бостон марафону учурунда бир тууган Тамерлан жана Жохар Царнаевдер орноткон бомбадан үч киши өлүп, 264 адам жаракат алган. 17 киши колу-буттарынан ажырашкан.

Царнаевдер Кыргызстандын Токмок шаарынан оболу Дагестанга көчүп кетишкен, акыры АКШда баш паана табышкан. Жохардын атасы Анзордун теги чечен, энеси Зубейдаттын теги авар.

XS
SM
MD
LG