Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Венага барат


Анын сапары Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөргө катышуу максатында болмокчу. Бул тууралуу Мамдепартаменттин маалымат катчысы Жон Кирби билдирди.

Иран жана дагы алты держава Ирандын өзөктүк программаларын чектөөсүнө карата санкцияларды жеңилдетүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Тараптар 30-июнду келишимге жетишүүнүн акыркы мөөнөтү деп бекитишкен.

23-июнь күнү Ирандын жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи сүйлөшүүлөрдө өз позициясын катаалдантып, өзөктүк иликтөөлөрдү узак мөөнөткө тоңдуруудан жана эл аралык инспекторлорго аскерий объектилерге кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартарын билдирген эле.

АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк курал жасайт деп шектенүүдө. Иран муну четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG