Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Кара-Шоро жайлоосунда эки бала бакча ачылат


25-июнда Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Кара-Шоро жайлоосунда эки бала бакчанын расмий ачылышы болот. Ачылышка экс-президент Роза Отунбаева, облустук жана райондук бийликтин өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана ата-энелер катышат. Жайлоо бала бакчанын ачылышы белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына карата “Бакайдын жайыты” көркөм фильми көрсөтүү менен коштолот.

Жайлоодогу бала бакчалар долбоору “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан бир нече жылдан бери иштеп келе жатат. Быйылкы жылы аталган фонд мындай бала бакчалардын саны 85ке жетерин белгилөөдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG