Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

Казакстан Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт


Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев бүгүн Казакстан борбору Астана шаарында расмий сапарда жүрөт. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, аскердик, аскердик-техникалык кызматташтык, аскер кадрларын даярдоо маселелери талкууланат.

Сапардын негизги максаттарынын бири - кыргыз тарапка бекер аскердик-техникалык жардам көрсөтүү.

Кыргыз Коргоо министрлигинин башчысынын Астанага сапары казак кесиптеши Имангали Тасмагамбетовдун чакыруусу боюнча ишке ашырылууда. (RK) 

 

XS
SM
MD
LG