Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:48

Грециянын карызы боюнча cүйлөшүүлөр жыйынтык берген жок


Евромейкиндиктин каржы министрлери менен Грециянын карызы боюнча сүйлөшүүлөр шаршемби күнү токтоду, бирок дагы эки күндөн кийин кайра улантылышы мүмкүн.

25-июнда журналисттерге билдирүүсүндө Евротоптун жетекчиси Йерун Дийсельблюм грек өлкөсүнүн карызын чечүү үчүн министрлер болгон аракетин көрүп жатат.

Грециянын солчул премьер-министри Алексис Ципрас эл аралык кредиторлордун анын өкмөтү каржы жагынан реформатордук сунуштарды кабыл ала албады деген сынын четке каккан.

Чет өлкөлүк кредиторлор өлкөнү сактап калуу үчүн Греция сураган 7,8 млрд евро насыяны беришкен жок.

Кредиторлор менен мунаса табылбоосу Греция 30-июнда Эл аралык валюта коруна карызынын 1,8 миллиард долларын төлөп бере албай, дефолт абалына кептелет дегенди билдирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG