Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Спорт журналисттери алгачкы форумга чогулат


2-июль күнү Бишкектеги Кожомкул атындагы ордодо спорт журналисттеринин алгачкы форуму өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.

Форумдун алкагында спортко байланыштуу орчундуу маселелер, спорт журналистикасынын учурдагы абалы жана келечеги, дене тарбия менен спорт тармагынын маалымат каражаттарында чагылдырылышы талкууланат. Иш-чаранын соңунда Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, спорттук федерациялар жана Улуттук олимпиада комитети журналисттерине сыйлык тапшырат.

2-июль күнү дүйнөдө спорт журналисттеринин эл аралык күнү белгиленет. Мындан 20 жыл мурда Кыргызстандын спорт журналисттеринин федерациясы түзүлгөн. (ECh)

XS
SM
MD
LG