Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Армениянын өкмөтү митингчилердин талабын аткаруудан баш тартты


Ереван, 25-июнь, 2015-жыл
Ереван, 25-июнь, 2015-жыл

Еревандагы эки аптадан берки нааразылыктарга карабай электр энергиясына тарифти азайтууга Армения өкмөтү макул болгон жок. 25-июнда өкмөттүн жыйынында сөз сүйлөгөн премьер-министр Овик Абрамян өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бийлик электр энергиясынын наркын көтөрүүгө мажбур экенин айтты.

Ал ошондой эле электр үчүн төлөмдө кыйналбашы үчүн аярлуу катмарларга берилип жаткан мамлекеттик жөлөкпул көбөйтүлөрүн кошумчалады. Абрамян мындан сырткары демонстранттарды шаардын негизги магистралын ачууга чакырып, митингчилерди сабырдуу болууга үндөдү.

Армениянын электр компаниялары менен иш жүргүзүүдө өкмөттү коррупцияга айыптаган дооматтарды четке кагып, Абрамян Армениянын улуттук валютасы төмөндөп кеткен чакта өкмөт аргасыздан пландуу түрдө тарифти көтөрүп жатканын кошумчалады.

Ага карабай Баграмян проспектиндеги кыймылды жаап, 4 күндөн бери отурган жүздөгөн демонстранттар өкмөттүн өтүнүчүнө көнгөн жок. Алар электр 16% көтөрүлөт деген чечим жокко чыгарылмайынча аянттан кетпей турганын айтууда. 24-июнда да 9 миңге жакын адам нааразылык акциясына чыккан. 19-июндан бери Армениянын баш калаасында өтүп жаткан митингди 23-июнда полиция суу менен таркаткан. 200гө жакын киши кармалганы кабарланган.

Арменияда электр энергиясы 1-августтан тарта 1 долларга чейин кымбаттайт деп айтылган. Арменияны электр менен камсыздаган ишкана 2006-жылдан бери орусиялык “Интер РАО ЕЭС” компаниясына таандык. (ErN)

XS
SM
MD
LG