Бул иш-чара маңзаттарды мыйзамсыз сатууга жана баңгиликке каршы күрөшүү боюнча эл аралык күнгө карата Бишкекте уюштурулат. Иш-чараны доктор Жеңишбек Назаралиевдин медициналык борбору уюштурууда. Анын алкагында баңгиликтен жабыркаган адамдарга көмөктөшүү, алардын реабилитациялануусуна жардам берүүчү иш-чаралар болот. Буга байланыштуу бүгүн аталган медициналык борбордун адистери журналисттерге маалымат беришет.
26-июнь БУУ тарабынан маңзаттарды мыйзамсыз сатууга жана баңгиликке каршы күрөшүү боюнча эл аралык күн болуп белгиленген. Ушул тапта дүйнө жүзүндө маңзатка көз каранды адамдардын саны 30 миллиондун тегерегинде.(ZKo)