Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Айыл чарба жана кайра иштетүүгө 2,5 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилди


Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдайт. Маалыматка ылайык, насыя дыйкандарга “Айыл чарбасын каржылоо-3” деп аталган долбоор алкагында берилди. Жалпы жонунан 6 936 фермер жана ишкер 2 млрд. 552 млн. 412 миң сомдук жеңилдетилген насыяга ээ болушкан.

Мунун ичинен 2 млрд. 61,5 млн. сому мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, дыйканчылыкка 307 млн. сом, ал эми кайра иштетүү тармагына 187 млн. 570 миң сом берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG