Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Президент чек ара коопсуздугун талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алып, чек ара коопсуздугун талкуулады.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө чек араны коргоо жана кайтаруу, ошондой эле канатташ жайгашкан чек араларды бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Андан тышкары Раимберди Дүйшөнбиев эл аралык кызматташуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде КМШ мамлекеттеринин чек ара аскерлеринин башчыларынын кезектеги отурумунун жыйынтыгы туурасында айтып берди. Бул отурумда Ооганстанда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн тышкы чек араларында коопсуздукту чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулган. (RK)

XS
SM
MD
LG