Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:47

Франциядагы чабуулдан бир адам мерт болду


Өлкө чыгышындагы Гренобль шаарына жакын жердеги газ заводуна бүгүн арабча жазуусу бар тууну көтөрүп кирип барган куралчан киши бир адамды өлтүрүп, дагы бир канчасын жарадар кылды. Бул тууралуу Франс-пресс агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен жазды.

Чабуулчу газ заводуна бир канча жардыргыч зат таштаган. Заводдун жанынан башы кесилген бир адамдын денеси табылды. Мындан башка да бир канча адам каза тапканы тууралуу маалымат бар. Бир адам кармалганы да кабарланып, чабуулду арабча жазуусу бар тууну көтөргөн эки адам жасаганы айтылууда.

Франция ички иштер министри Бернард Газнев дароо окуя болгон жерге жөнөгөнү маалымдалды.

Быйыл жыл башында согушкерлер Парижде Charlie Hebdo сатиралык журналынын редакциясына кол салуусунан 17 адам каза тапкан эле.

XS
SM
MD
LG