Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Парламентте "Суу кодексине" сунушталган өзгөртүү экинчи окууда кабыл алынды


Жогорку Кеңеш бүгүн жалпы жыйында "Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Бул долбоорду өкмөт Кумтөр кениндеги мөӊгүлөрдү башка жерге көчүрүп, кенди ачык ыкмада иштетүүгө уруксат берүү максатында иштеп чыккан болчу.

Бүгүнкү жыйында ага 52 депутат макул деп, 39у каршы деп добуш берди.

Өкмөт "Суу кодексин" өзгөртүп, мөңгүлөрдү ордунан жылдырууга уруксат алууну көздөөдө. Бирок депутаттар жана экологдор муну менен Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсүнөн башкаларды бузууга да жол ачылат деп кооптонууда. "Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн бул демилгесин чыккынчылык деп атоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG