25-июндагы катуу суу ташкын кеминде бир адамдын өмүрүн алды. Каза тапкан адамдын сөөгү шаар четиндеги Адлер деген жерден табылды. Кечээ бул аймакта катуу жаан жаап, 14 саатта эки айда жаачу жамгырдын нормасына жетип барган. Шаардын Кара деңизге жакын бөлүгүндө 400дөй үй кыйрады.
Калаа башчы Анатолий Пахомов Херот дарыясы ташып, темир жол бекетин суу каптаганын, поезд каттамы токтогонун кабарлады. Дарыялардан ташыган суунун бийиктиги бир жарым, көчөлөрдөгү суунун бийиктиги 60 сантиметрге чейин жеткен. Кооптуу абалдан улам эки миңдей адам шаардын аба майданында жеткирилди. Шаарда чукул кырдаал жарыяланды.
Былтыр октябрда ачылган "Формула-1" трассасы менен бир канча олимпиалык имараттарды да суу каптады.