Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Тунистеги чабуулдан каза тапкандардын саны өсүүдө


Тунис - Сусс шаарындагы бир мейманкана.
Тунис - Сусс шаарындагы бир мейманкана.

Деңиз жээгиндеги мейманкананын жанындагы кол салуудан каза тапкандардын саны 28 кишиге жетти. Дагы 36 адам ар кандай жаракат алган. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мерт болгондордун арасында Тунистин, Британиянын, Германиянын жана Бельгиянын жарандары бар экенин кабарлады.

Кол салуудан кийин бир согушкердин көзү тазаланып, чабуулга шектелген башка кишилерди издөө уланууда. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч кайсы террордук уюм азырынча өзүнө ала элек.

Чабуул бүгүн курорттук Сусс шаарынан анча алыс эмес Эль-Кантауи конок үйүнүн алдында болгон. Сусс Түндүк Африкадагы бул өлкөнүн бирден-бир белгилүү курорттук шаары. Ага негизинен Европадан жана кошуна өлкөлөрдөн туристтер келишет.

Бул өлкөдө быйыл март айында да ислам динин жамынган согушкерлер Бардо музейине кол салып, чет өлкөлүк туристтердин тобу каза тапкан.

Тунис 2011-жылы "Араб жазы" аталган козголоңдон кийин демократиялык моделди тандаган.

XS
SM
MD
LG