Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Тунис өкмөтү 80 мечитти жабат


Тунисте 39 адамдын өмүрүн кыйган кол салуудан соң өкмөт мамлекет тараптан көзөмөлдөнбөй келаткан 80 мечитти жабуу чечимин чыгарды. Премьер-министр Хабиб Ессид бул мечиттер зомбулукту жайылтууга салым кошуп жатканын белгилеп, Ички иштер министрлигине бир апта ичинде аларды биротоло жабууга буйрук берди.

26-июнда Сусс шаарындагы деңиз жээгиндеги мейманкананын жанында белгисиз кишилер элге ок ачкан. Андан 39 адам мерт кетип, ондогон киши жараат алган. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мерт болгондор арасында Тунистин, Британиянын, Германиянын жана Бельгиянын жарандары бар экенин кабарлаган. Кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды. (SE)

XS
SM
MD
LG