Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Жалал-Абад: милицияканадагы өлүм иликтенүүдө


Жалал-Абад облустук прокуратурасы милициянын убактылуу кармоочу камерасында каза болгон жарандын өлүмүн иликтеп жатат.

Бул боюнча калаа прокуратурасы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгоп, облустук прокуратурага өткөрүп берген.

Көк-Жаңгак шаарынын 35 жаштагы тургуну Каныбек Уметов 5-июнь күнү Жалал-Абад шаардык ИИБнын административдик камерасында каза болгон. Маркумдун жакындары Каныбек милициянын ур-токмогунан улам көз жумганын билдиришкен. Ал эми милиция Уметов өз кийимине асынып алганын айтууда.

Иликтөө иштери Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча жүрүп жатканын прокуратурадан билдиришти. (RsK)

XS
SM
MD
LG