Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

“Ислам мамлекети” бир күндө 300дөй адамды жок кылды


Тунис
Тунис

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 26-июнда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө уюштурган кол салуулардан 280 киши каза болду.

Атап айтканда, Тунисте пляждагы кол салуудан 39 кишинин өмүрү кыйылды. Алардын көбү европалык туристтер. Кувейтте мечиттеги жардыруу 27 адамдын өмүрүн алды. Сириянын Айн ал-Араб шаарында 164 жаран дүйнө менен кош айтышты. Сомалиде согушкерлердин колунан 50дөн ашуун адам мерт кетти.

Окуяларга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алды. Мурдараак аталган уюшма орозо айында кол салуулар көбөйтүлөрүн интернет аркылуу билдирген эле. (SE)

XS
SM
MD
LG