Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Улуттук академиялык театрды оңдоого өкмөт акча бөлөт


Өкмөт башчы Темир Сариев Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрынын имаратын оңдоп-түзөө үчүн долбоор даярдоону тапшырды. Анын негизинде өкмөт каржы бөлөрүн убада кылды. Ишемби күнү премьер-министр аталган маданий жайдын жайкы чыгармачыл сезонунун жабылыш аземине катышып, имараттын абалы менен да таанышкан.

Быйыл март айында аталган театрдын сахнасында 20 чакты киши катышкан отуруш болгону, алар арак-шарап ичип жатканы тууралуу сүрөттөр тарап кеткен. Мындан улам театрдын ошол кездеги жетекчиси Тимур Саламатов кызматтан алынган эле.

Коомчулук бул окуяны кескин айыптап, сахнада ичкилик ичилип, отуруш уюштурулганын сындаган. (SE)

XS
SM
MD
LG