Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Тунисте терроризмге каршы жүрүш болду


Ишемби күнү кечинде Сусс шаарында жүздөгөн кишилер терроризмге каршы жүрүшкө чыгышты. Акция бир күн мурда экстремисттер туристтерге кол салган аймактан башталып, шаар көчөлөрүндө уланды. Алар колдоруна шам жана бир катар өлкөлөрдүн желектерин кармап, “Сусс эч качан жок болбойт!” деп ураан салышты.

26-июнда аталган калаада деңиз жээгиндеги мейманкананын жанында белгисиз кишилер элге ок ачкан. Андан кырк чамалуу киши мерт кетип, ондогон адам жараат алган. Өлгөндөрдүн көбү Британиянын жарандары. Саламаттык сактоо министрлиги мерт болгондор арасында Тунистин, Германиянын жана Бельгиянын да тургундары бар экенин кабарлаган. Кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. (SE)

XS
SM
MD
LG