Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Кувейттеги жардырууну Сауд Арабия жараны жасаганы аныкталды


Ал-Кувейт шаарындагы шиит мечитине кол салууну уюштурган адамдын тек-жайы аныкталды. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жанкечти Сауд Арабиянын Фахд Сулейман Абдулмухсин ал-Кабаа аттуу жараны болгон. Ал кол салуу болгон күнү эртең менен учуп келген.

Мурдараак полиция жардыруу жасаган адамды мечитке алып келген айдоочуну кармаган болчу.

26-июнда жума намазы окулуп жаткан учурда мечитте жанкечти өзүн жардырып, 27 адамдын өмүрүн кыйган, 220 киши жарадар болгон. Чабуул үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өзүнө алган. (SE)

XS
SM
MD
LG