Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Армения-Азербайжан чек арасында бир армян аскери каза болгону айтылууда


Армения менен Азербайжан чектешкен аймакта эки өлкө аскерлеринин ортосунда жаңжал чыгып, бир армян жоокери мерт кеткенин расмий Ереван кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя 26-июнда болгон. Армения келтирип жаткан жүйөгө караганда, алгач азери аскерлери ок ачкан. Бирок Баку муну четке кагууда.

Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагы Армения колдогон жикчилдердин көзөмөлүнө 1990-жылдардын башындагы согуштун натыйжасында өтүп кеткен. Анда отуз миңдей кишинин өмүрү кыйылган.

Аймактын болочок макамы боюнча сүйлөшүүлөр ок атышууну токтотуу макулдашылган 1994-жылдан бери эле натыйжа бербей келет. (SE)

XS
SM
MD
LG