Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Стамбулда гей-парадга чыккандар күч менен таратылды


ЛГБТ активисттеринин жекшемби күнү Түркиянын Стамбул шаарындагы жүрүшү полиция тарабынан күч менен таратылды. Аларга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ, резина октор жана суу чачкан унаалар колдонулганын жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

Кумсалар ЛГБТ коомунун белгиси болгон күн желеге түспөлдөш желектерди көтөрүп, Таксим аянтынан Истиклал көчөсүн бойлой жүрүшкө чыкмак. Бирок ыйык Орозо айында мындай акцияны өткөрүүгө бийлик уруксат берген эмес болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG