Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Кадамжай сурма комбинатынын карызы 60 млн. сомго жетти


Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган комбинаттын башкармалыгынын өкүлү Нурлан Кадышов билдирди. Анын айтымында, карыз салыктардын, социалдык төлөмдөрдүн жана электр энергия акысынын топтолуп калганына байланыштуу көбөйүп кетти. Буга бир жылдан бери Орусиядан чийки зат келбей, иш токтоп турганы жана салык кызматы мекеменин эсебин камакка алганы негиз болууда. Учурда салыктарды кайра эсептөө үчүн соттук териштирүү жүрүп жатат.

Кадамжай сурма комбинатын 2005-жылы казакстандык «АТФ-Инвест» компаниясы сатып алган. Убагында 900 адам эмгектенген ишканада азыр 400дөй жумушчу калган. Алардын да 300дөйү жумуш токтоп турганына байланыштуу эс алууда жүрөт. (JsA)

XS
SM
MD
LG