Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Жалал-Абаддын вице-мэрлери жол кырсыгына кабылып ооруканага түштү


Шаардын мэринин эки орун басары өткөн ишембиде Кара-Көл шаарынан келатып жол кырсыгына учураган. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Барчынбек Жантороев бүгүн шаардык кеңештин кезексиз сессиясы учурунда билдирди.

Вице-мэрлер жеңил жаракат алып, учурда облустук ооруканада дарыланууда жана абалы жакшы. Сессия учурунда депутаттар мэр баш болуп орун басарларына чейин сессияга катышпай жатканын сынга алышты. Маалым болгондой, шаар мэри кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүнө кеткендиги жана 3-вице-мэр иш сапарында экендиги айтылды. (RsK)

XS
SM
MD
LG