Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Суу кодекси боюнча мыйзам долбоорун добуш берүүдөн алуу сунушталды


Мындай билдирүүнү бүгүн Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жасады.

Билдирүүдө депутат Чыныбай Турсунбеков Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору мөңгүлөрдү сактоого кепилдик бере албасын түшүнүп, ага фракция добуш бербей тургандыгын билдирген. Турсунбеков Кумтөр маселесинде чечүүдө өкмөт туура жол табууга жакындап калганын белгилеп, алардын кендеги ишти токтотпоо үчүн жандалбастап жасап жаткан аракеттерин мактоого алаарлык деп белгилеген. Ошол эле учурда ал мөңгүнү коргоо маселесин айрым бир тараптар саясий упай топтоо максатына гана көтөрүп жатканын белгилеп өткөн.

Жогорку Кеңеш өткөн жумада Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырган. Аны 52 депутат колдоп, 39у каршы добуш берген.

Мыйзамды өкмөт Кумтөр кениндеги мөңгүлөрдү башка жерге көчүрүп, кенди ачык ыкмада иштетүүгө уруксат берүү максатында иштеп чыккан болчу. "Ата Мекен" фракциясы муну чыккынчылык деп билдирген эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG