Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Педофилдерди өлүм жазасына тартууга 12 миң киши кол койду


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бекем үй-бүлө – күчтүү мамлекет” кыймылынын мүчөсү, “Калыс” кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди. Анын айтымында, бир катар коомдук уюмдардын башын кошкон “Бекем үй-бүлө – күчтүү мамлекет” кыймылы 1-июнда түзүлүп, алар педофилияга каршы күрөшүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда.

Кыймыл бачабаздарга карата өлүм жазасын киргизүү демилгесин көтөрүп, бул боюнча кол топтоо акциясын баштаган. Ушул тапта өлкө боюнча 12 миң 180 киши педофилдерди өлүм жазасына тартууга макул деп кол коюшкан. Кыймыл кол чогултууну сентябрь айына чейин улантканы жатышат.

Акыркы убакта өлкөдө балдарга карата зомбулук жана зордуктоо боюнча маалыматтар көбөйдү. Анткен менен тиешелүү министрлик балдар зомбулугу азайганын, талкуу дээрлик ар бир окуя мурдагыдай жашырылбай коомчулукка ашкереленип жатканы үчүн көбөйгөнүн билдирип келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG