Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

Суу кодекси боюнча мыйзам долбоору добуш берүүдөн алынды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында, бүгүн бул маселе күн тартибине да киргизилген жок. Эми өкмөт Кумтөр маселесин чечүүнүн башка конструктивдүү жолун тапканга аракет кылышы керек.

Бүгүн Социал-демократтар фракциясы Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору мөңгүлөрдү сактоого кепилдик бере албасын түшүнгөнүн айтып, ага добуш бере албасын билдирген.

Жогорку Кеңеш өткөн жумада Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырган. Аны 52 депутат колдоп, 39у каршы добуш берген.

Мыйзамды өкмөт Кумтөр кениндеги мөңгүлөрдү башка жерге көчүрүп, кенди ачык ыкмада иштетүүгө уруксат берүү максатында иштеп чыккан болчу. "Ата Мекен" фракциясы муну чыккынчылык деп билдирген эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG