Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык компания түзүлөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министрлигинин жетектөөчү адиси Айдаркан Дюсенбаев билдирди. Анын айтымында, бул компания бир-эки айдын ичинде түзүлүп ишке кирет. Ушул тапта тийиштүү документтер, программалар өкмөткө киргизилди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ипотекалык үйлөр мугалимдер, дарыгерлер, жаш үй-бүлөлөр жана майыптар үчүн салынат. Үйдүн бир чарчы метринин баасы 300-600 доллар, үстөк акысы 10-12 пайыз болуп, 5-15 жылга чейин берилет. Үй алчулар 0 пайыздан 30 пайызга чейин биринчи төлөмдөрүн жасай алышат. Эгер жарандардын биринчи төлөмдү берүүгө шарты жок болсо, анда мамлекет тарабынан аларга ссуда берүү жагы каралат.

Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 400-500 миңге чукул киши турак жайга муктаж. Бишкек шаарында 6000 киши үй боюнча кезекте турат. (AzK\KE)

XS
SM
MD
LG