Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Чек арада атышуу болуп, өзбек чек арачы жараат алды


Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

29-июнда Өзбекстандын Шахимардан анклавынан өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына өтүп кеткен. Кыргыз чек арачыларынын аймактан чыгып кетүү эскертүүсүнө кошуналардын чек арачылары ок менен жооп берген. Эки тараптан тең ок чыгып, натыйжада Өзбекстандын бир чек арачысына ок тийип, жараат алган. "Ок атышуу ошол замат токтоп, аймакта абал тынч" деп айтылат маалыматта. (JsA)

XS
SM
MD
LG