Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Түркмөндөр президентинин туулган күнүн белгилешти


Гурбангулы Бердимухаммедов
Гурбангулы Бердимухаммедов

Мамлекет башчы Гурбангулы Бердимухаммедовдун 58 жашка чыгышы Түркмөнстанда 29-июнь күнү эң ири майрам катары белгиленди. Мамлекеттик телеканал бир күндүк эфирди президенттин өмүр таржымалына жана туулган күнгө арнап уюштурулган иш-чараларга арнады.

Баш калаа Ашхабадда ичи эстеликтерге толгон жаңы сейил бак ачылды. Бир жума мурун башталган маданият фестивалынын финалы да ушул күнү өтүп, анда Бердимухаммедов жазган эки китеп даңазаланды.

Жакында эле калаада президенттин ат минип баратканын элестеткен алтын жалатылган 21 метрлик айкел орнотулган. (SE)

XS
SM
MD
LG