Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Өзбекстан чек араны коргоо эрежелерин катаалдантты


Кыргыз-өзбек чек арасындагы жазуулар
Кыргыз-өзбек чек арасындагы жазуулар

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн «Азаттыкка» билдиришкендей, коңшу мамлекеттин аскерлери чек арадагы эрежелерди бузгандарга эскертүүсүз курал колдонуу ыкмасы менен иштей баштады. Буга чейин мыйзам бузгандарга алгач эскертүү иретинде асманга ок чыгарылып, ага баш ийбеген кезде атып салууга уруксат берилчү.

Өзбек тарап өткөн айда Баткен облусу менен чектеш аймактарда эки жолу Кыргызстан жарандарына жаңы эрежени колдонду. Буга чейин коңшу өлкөнүн аскерлеринин огунан бир катар кыргызстандыктар каза тапкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG