Санкция киргизилген ишканалардын катарында “Газпром”, “Газпром-нефть”, “Сургутнефтегаз”, “Транснефтегаз” жана башкалар бар. Бул ирет жалпысынан 14 юридикалык мекеменин аты аталды. Ошондой эле “Евразия союзу” уюмунун үч кызматкерине да Канадага кирүүгө тыюу салынды.
Акыркы ирет Оттава Орусияга каршы санкцияларды февраль айында кеңейткен болчу.
Жакында эле Европа биримдиги санкциялардын мөөнөтүн узарткан. (SE)