Бишкек ТЭЦине көмүр сатып алуу боюнча тендер жыйынтыкталып, “Рассвет Компани” аттуу компания утуп чыкты.
Үстүбүздөгү жылдын 13-майында болгон тендерге үч компания: Кыргызстанда катталган “Рассвет Компани”, “Прогресс Компани” жана казакстандык “Бор Нова” компаниясы катышкан.
Уткан компания 900 миң тонна көмүрдү 3 миллиард 488 миллион сомго сатып келет.
Көмүрдүн бир тоннасы 65 доллар деп бааланган.
Бул туурасында “Азаттыкка” “Электр станциялар” АККнан билдиришти. (AzK)