Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Греция дефолттун босогосунда


Афиныдагы Евробанктын бөлүмү грек өкмөтүнүн чечимине ылайык 30-июнда жабык турат. Греция.
Афиныдагы Евробанктын бөлүмү грек өкмөтүнүн чечимине ылайык 30-июнда жабык турат. Греция.

Грецияда 1-июлда банкоматтарды колдонбогон пенсионерлердин пенсия пулун төлөө үчүн банктардын 1 000 - бөлүмү ачылат. Грециянын финансы министрлигинин маалымдашынча, банктар башка адамдарды 6-июлга чейин тейлебейт. Грек өкмөтү банк системасын коллапстан сактоо үчүн ушундай кадамга барууда. 30-июнда Грециянын Эл аралык валюта фондуна 1,8 млрд. доллар насыясын төлөө мөөнөтү аяктайт.

Премьер-министр Алексис Ципрас шайлоочуларды 6-июлдагы референдумда эл аралык кредиторлордун талабын четке кагууга үндөдү. Евролидерлер кредиторлордун талабына көнбөө Греция үчүн евромейкиндиктен чыгуу дегенди билдирет деп эскертишти.

XS
SM
MD
LG