Кыргызстанда 1-июлда Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо, тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан- чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө 19....24, 33....38;
Таласта 17....22, 32....37;
Ош, Жалал-Абад облустарында 19....24, 34....39;
Баткенде 17....22, 33....38;
Ысык-Көл облусунда 10....15, 22....27;
Нарын облусунда 9....14, 22....27.
Бишкекте 1-июлда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 20....22 градус, күндүз 36....38 градус болот.(AzK)