Нарын райондук ишки иштер бөлүмүнөн "Азаттыкка" билдиришинче, Нарын районунун Жан-Булак айылынан сугат суунун жанынан жаңы төрөлгөн эркек баланын жансыз денеси табылган.
Милициянын билдиришинче, наристенин денеси соттук медициналык экспертизага жиберилди. Бул боюнча Нарын РИИБ тергөө иштерин жүргүзүүдө. (MiK)