Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:51

Ысык-Көлдө мал уурулар кармалды


Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын билдиришинче, мал уурулукка шектелген топ үч кишиден турат. Алардын лидери 30 жаштагы Тоң районунун Куу-Токой аймагынын тургуну болуп саналат. Ага 22 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну жана 33 жаштагы Чүй облусунунун Чоң-Таш айылынын тургуну жардам берип жүргөн.

Алар эки жарым ай мурда, Көк-Мойнок айылынын тургунунун тогуз бодо малын жана дагы бир тургундун беш коюн уурдаган деп шектелүүдө. Кармалган жарандардын бири дагы мурда сот жоопкерчилигине тартылган эмес. Ушул тапта алар Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө жүрүп жатат.(AzK)

XS
SM
MD
LG