Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

БУУ улуттук институттардын көз карандысыздыгын камсыздоого чакырат


БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча улуттук институттардын (Акыйкатчы институту, Кыйноолорго каршы улуттук борбор) көз карандысыздыгын сактоону колдоого чакырууда.

Билдирүүдө бул институттар мамлекет менен коомдун ортосундагы көпүрө экендиги белгиленип, алардын көз карандысыздыгы ар кандай саясий кийлигишүүлөрдөн мыйзам аркылуу корголушу керектиги айтылат.

“Акыйкатчы институту жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор - бул өлкөнүн демократияга умтулуу жолундагы жетишкендиги болуп саналат. Кыргызстандын акыйкатчысынын жылдык докладынын негизинде парламент тарабынан кызматтан алынышы “Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор жана укук коргоочулардын, уюмдардын, жарандык коомдун жана маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзамдык демилгелер Кыргызстан кабыл алган укуктук милдеттерди толук кандуу ишке ашырууну татаалдаштырат”, - деп белгиленет кайрылууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG