Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Греция 30-июнда Эл аралык валюта фондуна карызын төлөбөйт


Бул маалыматты Грециянын финансы министри Янис Варуфакис тастыктады. Афины 1.8 млрд. долларлык карызын МВФге 30-июнда төлөшү шарт.

Ал арада премьер-министр Алексис Ципрас кредиторлор менен насыя мөөнөтүн узартууга далалат жасоодо. Ал бүгүн Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа Борбордук банкынын башчысы Марио Драги жана Европарламенттин төргасы Мартин Шульц менен телефондон баарлашканы расмий кабарланды. Бирок Германия канцлери Ангела Меркель “сүйлөшүүгө эшик ачык” деп, анда жылыш бар экени жөнүндө “кабарым жок” деп билдирди.

Ципрас гректерди 5-июлдагы референдумда эл аралык кредиторлордун бюджеттик чыгымдарды үнөмдөө боюнча талабын четке кагууга чакырган. Европа лидерлери эгер Греция кредиторлордун талабына көнбөсө, анысы евромейкиндиктен чыгуу дегенди билдирет деп эскертишкен.

XS
SM
MD
LG