Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

Беларус парламенти президенттик шайлоону 11-октябрга белгиледи


Президент Лукашенко. Минск. 3-июнь 2015
Президент Лукашенко. Минск. 3-июнь 2015

Шайлоодо 60 жаштагы Александр Лукашенко жеңет жана бийлигин дагы бекемдейт деп жоромолдонууда. Түрдүү партиялардан бир нече талапкер Лукашенко менен жүгөн талашарын жарыя кылышты.

Эл аралык байкоочулардын ырасташынча, ал алгач бийликке келген 1994-жылдан берки бир да шайлоо эркин жана калыс өткөн эмес. 2010-жылы декабрда Лукашенко 80% добуш менен жеңгенден кийин Минскиде массалык нааразылыктар болгондо полиция жүздөгөн демонстранттарды жана жети атаандашын кармап кеткен. Кийин президенттикке талапкер болгон эки саясатчы эркинен ажыратылган. Алардын бири дале түрмөдө.

XS
SM
MD
LG