Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Жалал-Абад мэриясынын алдында кризистик борбор ачылат


Балдардын жана аялдардын укугун коргоо, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында шаардык мэриянын алдында кризистик борбор ачылат. Бул тууралуу мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова “Азаттыкка” билдирди. Буга калаада соңку жылдары кароосуз калган балдар көбүрөөк каттала баштаганы себеп болууда. Андан сырткары, үйүндө зомбулукка кабылган аялдар да жардам сурап кайрылууда.

Учурда Бишкек, Ош жана Токмок мэрияларынын алдында кризистик борборлор иштейт. (RsK)

XS
SM
MD
LG