Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. Нааразылык акциясын Ак үйдүн алдында улантууга бараткан Ош базарындагы соодагерлерге "административдик тартипти бузду" жана "милицияга баш бербей койду" деген беренелер менен материалдар чогултулуп, иликтөө жүрүүдө.
Милиция кызматкерлери кечээ Ак үйдүн алдына чыккан соодагерлерге газонду тебелеп, жолду тоспоосун айтып, эскертүү бергенин билдирүүдө.
Кечээ Ош базарынын тегерек четинде соода кылган жарандар орундарынан куулуп жатканын айтып, Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышкан. Алар базардын ичинде орундар кымбат болгондуктан анын сыртында соода кылууга аргасыз болгонун айтышкан. (AzK)