Шаар аймагында жайгашкан аэропорттун учак конуу тилкелери 250 метрге кеңейтилип, рейстердин каттамы жолго коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык мэрия билдирди.
Эл аралык стандартка туура келбегендиктен аэропорт 2014-жылдын октябрь айынан бери өз ишин токтоткон. Учурда шаар тургундары Ош эл аралык аэропорту аркылуу гана учуп жатышат.
“Манас” АК аэропорттун конуу тилкелерин 250 метрге кенейтип, Бишкек-Жалал-Абад каттамы кайрадан жолго коюлат. Азыр шаар бийлиги жер маселесин чечүүдө.
Аэропорт алгач өз ишин 1940-жылдары баштап, бирок учуп-конуучу тилке жана терминалдар 1975-жылы курулган. Ошол жылдан бери республикадагы эң ири деп эсептелген Жалал-Абад шаарындагы бул аэропорттун имараттары, эки чакырымды түзгөн учак тилкеси жана терминалдар жаңыртылган эмес. (RsK)