Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Орусияда алты айда убактылуу кармоочу жайларда 125 адам өлдү


2015-жылдын башынан бери Орусиянын полиция бөлүмдөрүндөгү тергөө бөлмөлөрүндө жана убактылуу кармоочу жайларда 125 адам каза болгон. Мындай маалыматты абактагылар менен иш алып барган “Русская Эбола” долбоору жарыялады.

Расмий отчеттордо бул өлүмдөрдүн себеби “саламаттыгы кокустан начарлап кеткен” деп белгиленет. 70тей кишиге ушундай түшүндүрмө берсе, дагы 40тай адам өзүн-өзү өлтүрүп салганы кабарланат.

“Русская Эбола” берген маалыматка ылайык, эки адамды милициялар сабап өлтүргөн, дагы бирин камерадагылар сабап салышкан.

Журналист Мария Березинанын “Русская Эбола” долбоору 2015-жылдын март айынан бери иштейт. Долбоор маалыматтарды ачык булактардан алып жайылтат. (ErN)

XS
SM
MD
LG