Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Баласы чарчап калган ата-энеден дарыгерлер кечирим сурашты


Бул тууралуу “Азаттыкка” уулу чарчап калган Эрмек Нургазиев билдирди. Ал окуя боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, жыйынтыгында алар №2 төрөткананын дарыгерлери менен бетме-бет жолуккан.

“Дарыгерлер бизден кечирим сурады. Бирок мен арызды кайрып алган жокмун. Министр бул окуяны ушул бойдон калтырай, сотко жеткирем деп убада берди”, - деди Нургазиев. Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башкы акушери Раиса Асылбашева бул окуя боюнча комиссия түзүлүп, текшерүү башталганын, анын жыйынтыгы менен тийиштүү дарыгерлерге чара көрүлөрүн айтты.

Бишкек шаарынын тургуну 25-июнда №2 төрөтканага аялын алып келип, ара төрөлгөн уулуна дарыгерлер жардам көрсөтпөгөндүктөн чарчап калганы тууралуу маалымат каражаттарына билдирген. Анын айтымында, уулу 900 грамм болуп төрөлгөн жана дарыгерлер ошол замат бала чарчап калганын билдиришкен. Бирок ал уулун акыркы жолу көрүп алууга суранып кирген кезде үстүнө чүпүрөк жабылып жаткан ымыркай тирүү экени аныкталган. Андан кийин ымыркай дагы төрт саат жашап, чарчап калган. Ата-энеси баласына учурунда жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып, даттанууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG