Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Кыргызстанда K-Sport аттуу спорттук телеканал ачылат


Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган телеканалдын президенти Малик Кадыршаев билдирди. Анын айтымында, учурда телеканал Юстиция министрлигинен жана Мамлекеттик байланыш агенттигинен каттоодон өткөн.

Спорттук каналдын көрсөтүүлөрүн Борбор Азия өлкөлөрүнө таратуу максат кылынууда. Көрсөтүүлөрдүн 70 пайызын эл аралык, 30 пайызын жергиликтүү мелдештер түзөт.

NBA, Formula E, армрестлинг, теннис өңдүү бир нече эл аралык мелдешти көрсөтүү укуктары алынган. Телеканал санариптик форматта эфирге чыгат. (ECh)

XS
SM
MD
LG