Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

"Азаттыктын" кабарчысы Эмил Чекиров сыйлыкка ээ болду


Дене тарбия жана спорт тармагын мыкты чагылдыруу боюнча спорт журналисттеринин арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыкты.

Сынакка радио, электрондук басма сөз, ТВ жана гезиттерде 2014-жылы жарыяланган эмгектер кабыл алынган. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктардын сертификаттары бүгүн Бишкекте өткөн кыргызстандык спорт журналисттердин алгачкы форумунда тапшырылды. Форум спорт журналисттеринин эл аралык күнүнө карата уюштурулган.

Биринчи орунга 30 миң сом, 2-орунга 10 миң сом жана 3-орунга 5 миң сомдон ыйгарылды. "Азаттыктын" спорт кабарчысы Эмилбек Чекиров радио тармагында даярдаган макалалары үчүн 2-орунга ээ болду.

Сынак 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы сынакка 14 журналисттин эмгектери кабыл алынды. Байге фонду 200 миң сомду түздү. (AzK)

XS
SM
MD
LG