Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Ош шаарынын келечегин талкуулаган форум өтөт

Ош шаарындагы Ленин жана Масалиев көчөлөрүн байланыштырган көпүрө
Ош шаарындагы Ленин жана Масалиев көчөлөрүн байланыштырган көпүрө

Ош шаарын заманбап деңгээлде өнүктүрүүгө арналган эки күндүк урбан-форум бүгүн башталат. Анда калаанын башкы планы, азыркы көйгөйлөрдү чечүү жолдору тургундардын катышуусунда талкууланат. Күн тартибин белгилөө үчүн эл арасында сурамжылоолор жүргүзүлүп, негизги деп эсептелген маселелер аныкталган.

Иш-чарага АКШдан жана Орусиядан эксперттердин келери кабарланган. Алар буга чейин Алматы шаарын өнүктүрүү долбоорунда иштеген адистер экендигин уюштуруучулар “Азаттыкка” билдиришти.

Урбан-форумду бир катар бейөкмөт уюмдар калаа мэриясы менен бирге өткөрүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG