Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Өзбекстанда эки адам ысыктан каза тапканы айтылууда


Жизак облусунун Галларал районунда 42 градустан ашкан ысыктан улам эки киши каза тапканын жергиликтүү булактар кабарлады. Бирок расмийлер муну тастыктай элек. Маалыматтарга ылайык, коңшу өлкөнүн айрым аймактарында соңку күндөрү 47 градуска чейин ысык болуп жатат. Мындан улам жүрөк, кан-тамыр дарты менен жабыркагандардын абалы начарлап, дарыгерге кайрылгандар көп катталууда.

Өзбекстандын уюлдук операторлору аркылуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир жумадан бери билдирүү таратып, 4-июлга чейин өлкөдө абанын температурасы 44 градуска чейин көтөрүлөрүн эскерткен. (SE)

XS
SM
MD
LG