Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Ысык-Көлдө расмий иштөөгө 60 гана пансионат уруксат алды


2015-жылдын 3-июлуна карата 60 гана пансионат расмий иш алып баруу үчүн аныктама алгандыгын облустук администрациянын аппарат жетекчиси Улан Маликов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, аныктама алууга эс алуучу жайлар өзүлөрү дайын болбой жатышат. “Мисалы, көп учурда пансионаттар санитардык абалы начардыгынан комиссиянын кароосунан өтпөй жатышат. Бирок паспорт ала элек пансионаттар деле ишин улантууда, анткени майда-чүйдө кемчиликтери үчүн биз аларды жаап кое албайбыз”, - деди Маликов.

Андыктан аппарат жетекчи тиешелүү кызматтарды эс алуучу жайларды эртерээк текшерип, тез аранын ичинде паспортторун тапшырууга чакырды. Документти алуу үчүн эс алуучу жайлар 10дон ашык кызматтардын текшерүүсүнөн өтөт. Былтыр 20га жакын эс алуучу жайларга документ шарттуу түрдө гана берилип, аларга техникалык, санитардык абалын бара-бара оңдоо тапшырылган. Ысык-Көл облусунда жалпы 160 пансионат болсо алардын 11и мамлекетке таандык.(ASa)

XS
SM
MD
LG